Сыдык Карачев (1900-1937) презентация

Слайд 2

Жашоосу Сыдык Карачев Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы

Жашоосу

Сыдык Карачев Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Жылуу-Булак

айылында 1900-жылы бай үй-бүлөдө дүйнөгө келген. Жаштайынан ата-энесинен жетим калган.Сыдык жаш чагында Каракол шаарына келип, Салих аттуу татар мугалимдикине үй кызматкери болуп орношот. (Тарыхчы Аида Кубатованын тактоосуна караганда, анын тегаты - Надыршин болгон). Ошол жадидчи, реформатор агартуучу С.Надыршиндин жардамы менен Сыдык шаардагы татарча жаңы усул (усул-и жадид) мектебинен окуйт.
Слайд 3

Жашоосундагы окуялар Ташкент шаарындагы В.И.Ленин атындагы аскер окуу жайында окуган.

Жашоосундагы окуялар

Ташкент шаарындагы В.И.Ленин атындагы аскер окуу жайында окуган.

«Кошчу» кыргыз

кедей жана дыйкандар союзунда иштеген.

«Эркин-Тоо» гезитине биринчи жооптуу катчы, кийин редактор болуп иштеген.

1921-1923

1923

1924

Бишкекте ара-чолодо "Кызыл учкун" адабий ийримин жетектөөгө катышкан.

1928

Оштогу "Кызыл пахтачы" газетасына жооптуу катчы болуп которулду.

1930

Негизсиз репрессияланган жана өлгөндөн кийин акталган.

1937

Слайд 4

Адабиятчы З. Мамытбеков Сыдык Карачевдин биринчи ыры 1918-жылы татар тилиндеги

Адабиятчы З. Мамытбеков Сыдык Карачевдин биринчи ыры 1918-жылы татар тилиндеги "Шуро"

гезитинде жарык көргөнүн, адегенде жалаң татар жана казак тилинде жазганын, 1919-жылы "Көмөк" газетасында "Сүйгөнүнө кошула албады", "Үйлөнүүдөн качты", ал эми 20-жылдардын башында ар түрдүү темалардагы "Армандуу эки жаш", "Алданган нур кызы", "Күкүк менен Зейнеп", "Ысык-Көл боюнда" деген аңгемелери басылганын жазат.
Буга С. Жигитов кошула албай С. Карачев бардык алгачкы чыгармаларын дээрлик татар тилинде жазган деген толук бойдон чындыкка дал келбегенин, 1919 - 1924-жылдары Сыдык көркөм аңгемелерин баштан-аяк татарча, ал эми айрым макалаларын жана ырларын кыргызча эле жазганын айтып келип, "Сыдыктын 1924-жылга чейинки поэзиялык туундулары кандайдыр бир идеялык оош-кыйыштардан таза деп болжолдоого негиз жоктугун, ошол кездеги өтө эле өгөйчүл, жаасы катуу идеологиянын ашкан кыраакы, ашкере активдүү жоокери Аалы Токомбаев курулай жокту бар кылып, жөнсүз, жүйөсүз эле С. Карачевдин чыгармаларын айыптабаганын, Сыдыктын татарча жарыяланган бирин-экин ырларында жаңылыш идеялык жаңырыктардын бар экенин" совет доорунда жазган эмгегинде белгилеп көрсөтөт. Бирок С.Жигитов кийин бул сынын "жумшарткан". С. Жигитов саналган ырлардын көпчүлүгүн мисалга тарта отуруп, Сыдыктын поэзиясындагы жылт эткен жаңылык-табылгаларды, оош-кыйыштарды да таасын көрсөтүптүр. Ырасында да бул ырлардын айрымдарында "...Сыдык башка акындар жылаңач бойдон түз эле айтып таштаган идеяларды санжыргалап, өзгөчөлөп, кайманалап, жаңыча троптук каражаттар, ритмикалык курулуштар, строфалык уюшмалар аркылуу туюндурууга далбас кылган. ...Кыргыз ырын жаңыча ритмикалык алкактарга салып, жаңыча уйкаштыруу ыктарын колдонуп, бир кыйла татаал формада сүйлөтүүгө күч үрөгөнү таасын байкалат. ...Жыйынтыктап айтканда, Сыдык Карачев 20-жылдары акын сыпатында да басма сөздө көрүнүп, улуттук жазма поэзиябыздын түптөлүшүнө аздыр-көптүр кол кабыш кылган. Бирок бул жагынан анын ийгиликтери анча бараандуу да, орошон да эмес" - дейт С.Жигитов.

С.Карачев жөнүндө изилдөөлөрдөн айрым ойлор

Слайд 5

С.Карачев татар тилинде ырларды, аңгемелерди жазып, 1918-ж. «Шура» татар гезитинде

С.Карачев татар тилинде ырларды, аңгемелерди жазып, 1918-ж. «Шура» татар гезитинде Ленин

жөнүндө жарыялаган. 1919-жылдан «Көмөк», «Тилши», Жети-Суу ревкомунун басма органдарында, Түркстан КП органдарында – «Ак жол» гезитинде, «Чолпон», «Жас кайрат» журналдарында чыгармалары үзгүлтүксүз жарыяланып, көптөгөн ырлары «Эркин-Тоо» гезитинин беттеринде жарыяланып турган. Ал кыргыз профессионалдык прозасына негиз салуучулардын бири болуп эсептелет. С.Карачевдин «Теңдик жолунда» аттуу китеби 1928-жылы жарык көргөн. С.Карачев А.С.Пушкиндин «Дубровский», «Станционный смотритель» повесттерин, Н.А.Островскийдин «Как закалялась сталь» романын, Р.Ролландын «Жан Кристоф» романынан үзүндүнү, Л.Н.Толстойдун, А.П.Чеховдун аңгемелерин, ошондой эле коомдук-саясий адабияттын көптөгөн басылмаларын которгон.

Чыгармачыл ишмердиги

Имя файла: Сыдык-Карачев-(1900-1937).pptx
Количество просмотров: 20
Количество скачиваний: 0